Нурлан Насип - Арзуу / Жаңы клип 2021

Описание к видео Нурлан Насип - Арзуу / Жаңы клип 2021

Аудио жана видеону көчүрүүгө жана аны таркатууга тыюу салынат!

Нурлан Насип - "Арзуу"
С.: Зулайка Мурзатаева
О.: Сыймык Бейшекеев

Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,
Ойноок көз курбум карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.

Кайырма:
Ооруду жүрөк ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.

Сагындым сени үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм

Кайырма:

Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт,
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.

Кайырма:

#НурланНасип #Арзуу

Комментарии

Информация по комментариям в разработке